Web - Amazon

We provide Linux to the World


We support WINRAR [What is this] - [Download .exe file(s) for Windows]

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
SITEMAP
Audiobooks by Valerio Di Stefano: Single Download - Complete Download [TAR] [WIM] [ZIP] [RAR] - Alphabetical Download  [TAR] [WIM] [ZIP] [RAR] - Download Instructions

Make a donation: IBAN: IT36M0708677020000000008016 - BIC/SWIFT:  ICRAITRRU60 - VALERIO DI STEFANO or
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
САДЫБАКАС ӨМҮРЗАКОВ - Wikipedia

САДЫБАКАС ӨМҮРЗАКОВ

Wikipedia дан

ХХ кылым – кыргыз илиминин европалык жана дүйнөлүк илимий деңгээлди ургаалдуу иликтеп, заманбап бийиктикке жетүү үчүн чоң секирик жасаган дооруна күбө болду. Албетте, орто кылымдарда жана соңку жаңы доордун ирегесинде кыргыздын сабаттуулук тарыхынын өзгөчө баскычтары болгон. Энесай, Талас руна сымал жазуулары, он кылым илгери жашаган Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари калтырган мурастар эми илимде өз ордун таап иликтене баштады.

Азыркы тапта мурдагы көчмөн жана жарым көчмөн калктын айрым өкүлдөрү Кашкарда, Фергана өрөөнүндө, тээ Итил боюнда билим кубалап жүрүп китеп жазган кезеңдер, окумуштуулугу үчүн өз айылында “молдо” атыккан учурлар арбын болгону тастыкталды. Аларды бүгүнкү тарыхчылар чып-чыргасын коротпой жазганга аракет кылып жатышат, бирок, ошондой болсо да, кыргыз илиминин көп тармактуу жана көп улуттуу жамааттын орток түшүмү катары жаралышы – совет дооруна гана туш келген тарыхый жетишкендик болду.

Бул бийик серени жаратуу үчүн кыргызстандык илимпоздор улутуна карабай ири салым кошушту. Алар так илимде да, гуманитардык илимде да, башка тармактарда да алатоолук жаңы илимий мектептерди түзүүгө жетишишти (Караңыз: Асанов У., Джуманазарова А., Чоротегин Т. Кыргызская наука в лицах. – Бишкек: Гл. Ред. Энциклопедии и Центра госязыка, 2002; Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 1-6-томдор. – Фрунзе, 1976-1980; Академия наук Кыргызстана: История и проблемы / Под ред. Акад. А.Акаева. – Фрунзе, 1990; ж.б. ).

Ошондо да мажирөөлүк, окумуштуулук даража үчүн эптеп оңой-олтоң темаларга азгырылуу, бийлик тепкичин пайдаланып, татыксыз түрдө академиялык ири даражаларга ээ болуп алуу (илимдеги аткаминерлик) сыяктуу жосунсуз көрүнүштөр арбын эле учурап келди. Ушундай оош-кыйыш дүйнөдө кыргыз илиминдеги акыйкатчылдыктын, абийирдин, асыл нарктар үчүн күрөштүн, жаңычылдыктын символу болгон илим дыйкандары да болгонуна шүгүр.

Алардын арасында куугунтуктоого кабылган Касым Тыныстанов, Кусейин Карасай уулу, улуттук академияга мүчө кабарчы болуу тилеги ишке ашпай, бирок эң мыкты чыгыш таануучулук жана этнографиялык эмгектерди калтырып кеткен Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, диалект таануу жаатында эбегейсиз зор эмгек сиңирген Жээнбай Мукамбаев сыяктуу залкарлар болду. Ошол тизмеде кашкайып алыстан көрүнүп турган ири илимпоз – ыраматылык географ Садыбакас Өмүрзаков агай эле.

Оболу мен Садыбакас аганын өзү менен эмес, эмгектери менен тааныштым. 1983-1988-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада жана үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуп жүргөн чагымда, Садыбакас аганын “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” (Умурзаков С. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. – Фрунзе: Кыргызстан, 1959. – 150 с., илл.) деген китеби менин “жаздыгымдын астында” В.Бартольд, И.Крачковский, А.Бернштам, Ө.Караев, Ю.Худяков сыяктуу окумуштуулардын китептеринин катарында турду.

Бул эмгекти иликтеген киши тим эле университетти бүтүрүп чыккандай болот. Ал эми университетти бир күндө бүтүрө албайсыз да. Ошондуктан, “Кыргызстандагы географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхынын учкай баяны” китебин улам-улам карап чыгууга, башка айрым китептердеги айрым каталарды тактоо же түзөтүү үчүн Садыбакас аганын ушул чыгармасына улам кайра кылчаюуга туура келди.

Мында элибиздин тарыхына жана географиялык-картографиялык мурасына байланыштуу нечендеген тарыхый фактылар, башка кыргыз окумуштуулары жана улут үчүн жаны күйгөн публицисттер козгой элек учурда, электен өткөрүлүп, топтоштурулуп берилген. Бир эле мисал келтирсек, кыргыз журтчулугунда Махмуд Кашгари (Барскани) калтырган картографиялык-географиялык мурас 1960-жылдары (“Дивандын” өзбекче котормосу жарыяланган соң гана) сөзгө кеңири алына баштаган. Ал эми С.Өмүрзаков агай болсо Махмуд Кашгаринин картографиялык мурасын чечмелөө маселесине 1950-жылдары эле кайрылат. (Кашгаринин дооруна, өмүр жолуна жана илимий мурасына арналып, 1998-жылы жакталган доктордук диссертациябызда С.Өмүрзаковдун бул илимий салымын өзгөчө айта кеттик).

Садыбакас аганын “Көз жеткен чектин төрт жагынан” деген китеби да жалпы эле Борбордук Азия аймагындагы география, картография жана топонимия таануучу адистер менен тарыхчылардын сүйүктүү китебине айланды (Умузаков С. С четырех сторон горизонта. – Фрунзе, 1983).

Жалпысынан, өз эмгектеринде С.Өмүрзаков Кыргызстанды иликтеген чет өлкөлүктөр тууралуу эле жазып чектелбестен, жер таануу жаатында кыргызстандыктардын өздөрү кошкон илимий салымды да унутта калтырган эмес. Кыргыздар менен байланыштуу топонимдер Энесай, Монголия жана Тибеттин чыгыш түркстандык этегинен тартып, Урал, Итил, Крымга чейин кезигээри тууралуу илимий маалыматтарды топтоодо тарыхчы жана этнографтар менен бир катарда С.Өмүрзаковдун да олуттуу салымы болду. Ал өзү өмүр бою топтогон мол маалымат 1970-80-жылдардагы кыргыз тарыхын жана тарыхый ареалын жалаң гана Кыргызстандын аймагы менен жасалма чектөө аракеттерине кайчы келээрин мыкты билип, эмгектери аркылуу өз пикирин тастыктап келди.

Эсимде, өзбекстандык илимпоздор, географиялык ачылыштар жана жер-суу аттары тууралуу нечендеген чыгармаларды жазган Хамидулла Хасанов жана Сүйүн Караев (өзбекстандык кыргыз окумуштуу) өз чыгармаларында да, илимий жыйындарда чыгып сүйлөгөн учурларында да Садыбакас Өмүрзаковду өздөрүнүн устаты катары терең урмат менен белгилешчү.

Кыргызстандын өзүндө да анын үлгүлүү, өрнөктүү жолу бардыгын ыраазы кылган, куштарланткан, демөөрлөнткөн чыйыр эле. Садыбакас ага чыныгы атуул, анык патриот киши болгон, бирок мекен сүйөөр сезимин жыйындарда көкүрөктү ургулап, алтын шилекей чачыратып, курулай ураан чакыруу аркылуу эмес, ар күнүн текке кетирбей, илимий эмгек жазуу аркылуу туюнткан. 1990-1991-жылдары Садыбакас агай Бишкекте топонимиялык комиссиянын ишине ургаалдуу жетекчилик кылган илимий адистердин биринен болду. Бул комиссиянын айрым баскычтарына Кыргызстан Жаш тарыхчылар Жамаатынын жетекчилеринин бири катары мен да аралашып калган элем. Маркум академик Салмоорбек Табышалиев жана Садыбакас Өмүрзаков агайлар ошол комиссиянын туура жыйынтык чыгарышына, тарыхый географиялык аталыштарды калыбына келтирүү жана Кыргызстанда көчөлөргө мурда унутта калтырылган же куугунтукталган залкар кыргыз ишмерлеринин аттарын коюу жараянына салым кошушту.

Ошол доор кээде романтикалык бир учур сыяктуу эске түшөт. Михаил Горбачевдун бийлигинин соңку жылдарындагы желаргыга улуу муундагылар да, жаштар да ыракаттанып, мурда айтылбаган нечендеген көйгөйлөр ачык козголду. Кыргызстандын эгемендикке жетиши чыгармачыл жигерденүү маанайын ого бетер кубаттандырды. Ошондо, маселен, Маскөө (Сталин режими) таңуулаган Фрунзе аталышын борбор шаардын аталышынан алып салып, тарыхый Бишкек наамын калыбына келтирүү үчүн күрөш сыяктуу кыймылдар болду.

Тамашалуу окуялар да арбын айтылып жана жазылып жатты. Маселен, Атбашы деген чакан айылдагы үч мектептин экөөнүн аталышы Ленин менен байланыштуу экен; Бишкекте болсо “Первый Коммунистический тупик” (“Биринчи Комунисттик туңгуюк”) чолок көчөсү сыяктуу күлкү келээрлик көчө аттары болгон экен.

Ушул жана башка көрүнүштөрдү С.Өмүрзаков жана анын шакирттери кылдат иликтеп, эски режим таңуулаган далай топонимдерди ооштурууга салым кошушту. Окумуштуулар убактылуу жеңилип калган учурлар да болбой койгон жок, Маселен, жергиликтүү аткаминерлер Рыбачье шаарынын аталышын илимпоздордун сөзүнө кулак салбай эле “Ысык-Көл” шаары деп атап коюп, аны тарыхый Балыкчы шаар аталышына которуу иши кошумча түйшүк жараткан кез эсте.

Дал ушул жана башка окуялар Садыбакас агайдын көз майын жеп, илимий ишинен кыйла алагды кылганын аңдоо кыйын эместир. С.Өмүрзаков аганын кыргыздын карт тарыхын даректүү маалыматтарга таянып иликтеши пост-советтик кыргыз улутунун руханий кайра жаралуусу үчүн кызмат кылган өбөлгө болду.

Эсимде, кыргызстандык илимпоздордун эки өкүлү “кыргыз” этнониминин 2200 жылдык мааракесин өткөрүү идеясын бири-биринен багыныңкы сунуш кылышкан. Алардын бири – аксакалыбыз Садыбакас Өмүрзаков болсо, экинчиси – жаш окумуштуу (азыркы тапта тарых боюнча доктордук диссертациясын жактоо үчүн камынып жаткан шакиртибиз, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын Кыргыз кызматынын продюсери) Арслан Капай уулу Койчиев болду.

Илимий фактыларга негизделген бул идеяны саясатчылар “андан ары өркүндөтүшүп”, 2002-2003-жылдары Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка айрым өлкөлөрүндө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму менен ЮНЕСКОнун алкагында кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык мааракеси шарттуу белгиленди.

Атаганат, ошол маараке күндөрү бул эки демилгечинин ысымдары эч аталган жок, себеби алардын ысымдары Ак Үйдөгү аткаминерлердин бул мааракени уюштуруу демилгесин ошол таптагы президент Аскар Акаевдин ысымы менен гана байланыштыруу далаалаттарына бөгөт болмок. 2003-жылы октябрда Парижде Сорбонна университетинде жана ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде бул мааракеге (кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык майрамына) байланыштуу жолугушуулар болгондо, мен бул окуяны чагылдыруу үчүн Прагадан (“Азаттык үналгысынан”) бардым. Башкы баяндамалардын бирин президент А.Акаев жасады, берки Парижге чакырылган кыргызстандык баяндамачылардын арасында бир дагы тарыхчы болгон жок. Ошол жылдын соңунда А.Акаев мырза жергиликтүү тарыхчыларды жемелеп, алар жазбай койгондуктан, байыркы кыргыз мамлекетинин башаттары тууралуу өзүм тарых китебин жазуума туура келбедиби, деп айтты. Аскар агай, албетте, кыргыз тарых илимине кам көрүү жаатында мамлекеттик ишмер катары чоң салым кошту, бирок бул “сын” сөзү кайра өзүнүн эле беделине шек келтирип койгонсуду.

Эгерде С.Өмүрзаков аганын жана Арслан Койчиевдин сунушу боюнча “кыргыз” этнониминин мааракесин өткөрүүгө мүмкүн болсо, анда бул маараке кылымдар тогошкон жылга туура келмек жана аны шектенүү менен кабыл алган чет өлкөлүк жана жергиликтүү замандаштарыбыз алда канча аз болмок. Албетте, “кыргыз” этнониминин байыркы учурда чагылдырылгандыгы тууралуу фактты (байыркы кытай тарыхынын атасы Сыма Цяндын “Ши-цзи” чыгармасындагы жана андан кийинки Бан Гу сыяктуу Хан жана Тан сулалелеринин доорундагы кытайлык тарыхчы окумуштуулардын эмгектериндеги маалыматтарды) тааныгысы келбеген, тангысы келген адистер кийин деле чыга бериши мүмкүн деңизчи.

Бирок “этноним” катары “кыргыз” аталышынын карт тарыхка эгедер экендиги тууралуу В.Бартольддун жана башка чыгаан чыгыш таануучулардын илимий жыйынтыгына каршы чыккандар алда канча аз экени түшүнүктүү.

Мен, - XXI кылымдын башындагы алатоолук тарыхчылардын бир өкүлү, - биз өзүбүздү С.Өмүрзаковдун шакирттери катары санайбыз деп айта алаар элем. Анын окуучуларынын бири, картография жана топонимия боюнча белдүү адистердин бири Темиркул Эшенкулов агай биз менен маегинде С.Өмүрзаков жаш тарыхчылардын эмгектерине өзгөчө астейдил мамиле кылаарын, өз окуучуларына да ушундай мамилени сунуш кылганын айтканы бар. Демек, географ жана тарыхчы С. Өмүрзаков өзүн жаш муундар менен көрүнбөгөн көпүрө аркылуу ырааттуу байланыштыра алган, мындай чыгармачыл көпүрөдөгү кыймыл үчүн өз эшигин дайыма ачык кармаган айкөл устат эле.

Садыбакас ага өзүнө өзү эч качан жалган айтпаган, дайыма булакка таянуу менен гана илимий корутунду жасоого умтулган окумуштуу болчу. Анын картографиялык жана географиялык эмгектери илимий мааниси бөксөрбөстөн күнү-бүгүнкүгө чейин илимге кызмат кылып келет.

Анын публицистикалык эмгектери да жаш муундарды илим жолуна чакырган, алардын дүйнө таанымын байыткан мурас болуп калды. Анын окуучулары эгемен Кыргызстандын чек арасын тактоо жараянына да чоң салым кошууда. Садыбакас Өмүрзаков аганын илимий жана коомдук ишмердик чыйыры артынан жаңы көчтү улантып калган алатоолук коомчулук үчүн унутулгус өмүр сабагы катары эсте кала бермекчи.

Тынчтыкбек Чоротегин.

Our "Network":

Project Gutenberg
https://gutenberg.classicistranieri.com

Encyclopaedia Britannica 1911
https://encyclopaediabritannica.classicistranieri.com

Librivox Audiobooks
https://librivox.classicistranieri.com

Linux Distributions
https://old.classicistranieri.com

Magnatune (MP3 Music)
https://magnatune.classicistranieri.com

Static Wikipedia (June 2008)
https://wikipedia.classicistranieri.com

Static Wikipedia (March 2008)
https://wikipedia2007.classicistranieri.com/mar2008/

Static Wikipedia (2007)
https://wikipedia2007.classicistranieri.com

Static Wikipedia (2006)
https://wikipedia2006.classicistranieri.com

Liber Liber
https://liberliber.classicistranieri.com

ZIM Files for Kiwix
https://zim.classicistranieri.com


Other Websites:

Bach - Goldberg Variations
https://www.goldbergvariations.org

Lazarillo de Tormes
https://www.lazarillodetormes.org

Madame Bovary
https://www.madamebovary.org

Il Fu Mattia Pascal
https://www.mattiapascal.it

The Voice in the Desert
https://www.thevoiceinthedesert.org

Confessione d'un amore fascista
https://www.amorefascista.it

Malinverno
https://www.malinverno.org

Debito formativo
https://www.debitoformativo.it

Adina Spire
https://www.adinaspire.com