Web - Amazon

We provide Linux to the World


We support WINRAR [What is this] - [Download .exe file(s) for Windows]

CLASSICISTRANIERI HOME PAGE - YOUTUBE CHANNEL
SITEMAP
Audiobooks by Valerio Di Stefano: Single Download - Complete Download [TAR] [WIM] [ZIP] [RAR] - Alphabetical Download  [TAR] [WIM] [ZIP] [RAR] - Download Instructions

Make a donation: IBAN: IT36M0708677020000000008016 - BIC/SWIFT:  ICRAITRRU60 - VALERIO DI STEFANO or
Privacy Policy Cookie Policy Terms and Conditions
Манас эпосу - Wikipedia

Манас эпосу

Wikipedia дан





Манас» - кыргыз элинин баатырдык эпосу. Жакып кан уулу Манас баатырдын жана анын укум-тукумунун эл-жердин азаттыгы, биримдиги жана элдердин достук карым- катнашын бекемдөө үчүн күрөшү баяндаолган эпикалык дастан. Көлөмү боюнча ага теңдеш дастандар жок. Бул дастан «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнөн турат. Айрым манасчылар анны сегиз урпагына (Кенен, Алымсырак, Кунансырак ж.б.) чейин айтышат. «М.» д-да кыргыз элинин үрп-адат, каада-салты, чарбасы, жоокердик турмушу кеңири чагылдырылган. «М.» д-нын айрым эпизоддору 16 к-да жазылган «Мажму ат-таварих» чыгармасында айтылат. «Манас» алгач жаралганда эле азыркы көлөмүндөгү, сюжеттик түзүлүшүндөгү чыгарма болгон эмес. Улам кийинки муундагы айтуучулар, жомокчулар, манасчылар, толуктап, мазмунун кеңейтип, байытып, сюжети татаалдашып олтуруп, бүгүнкү күндөгү деңгээлге келген.





Оболу бул чыгарманын жазылыш таржымалынан. Биз билгенден 30-жылдардан бери окто-текте, кийинки жылдары айрыкча кызуу жүрүп жаткан даярдык - «Манастын» мааракесин өткөрүү. Миң жылдыгы деген бар, эки миң жылдыгы деген бар. Насили - «Манастын» башаты байыртан экени ырас. Миң жылдык деп айтылып жүргөн себеби - улуу эпостун илимий далили эмес. ЮНЕСКОго катталып калган соң, кыргыздар өзүнчө эле корстон болуп жүрө бербей, эпос атын дүйнөгө чыгаруу зарыл. Ушул максатта кыргыздын жана башка мамлекеттерде кызыккан окумуштуулардын чөйрөсүндө 70- 80-жылдардан бери кыйла сөз болуп, кезинде өкмөткө сунуштар кирген. Башкасы башка, 1985-жылдын аягында Жазуучулар союзунда кеңеш болуп, маараке даярдыгына байланыштуу көп маселелердин ичинде эпостун кара сөз түрүндө жазылышы да талкууланган. Талкууну жүргүзгөндөр кыргыз адабиятынын аттуу-баштуу инсандары: Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, С. Эралиев, Т. Аскаров өңдүү бир тобу чогулуп, академиянын манасчы окумуштуулары да катышкан. Эпостун ыр түрүндөгү варианттары орус тилине которулуп жатканы, бирок илимий сөэмө сөз котормосу болобу, көркөм котормосу болобу ыр түрүндө башка элдерге кеңири таркашы кыйынга турары эске алынган. «Манас» изилдөөчү С. Мусаевдин эпосту кара сөз түрүндө жазып чыкканы илимий кайра көчүрмө катары бааланган. Көркөм кара сөздө жазып чыгуу жагы Ашым Жакыпбеков - мага жана Кеңеш Жусуповго тапшырылган. Биз ошол кеңеште эпостун кара сөз түрү роман тибинде жаңыларын айтканбыз. Кандай роман болору анда эч кимге белгисиз болуучу. Кеңеш Жусупов экөөбүз башка иштерибизди жыйыштырып коюп, бул ишке баш-отубуз менен кирдик. Эпостун варианттарын мурда үстүртөн билсек эми кайрадан изилдеп окуп чыгуу, эпоско тиешелүү ар кандай илимий китептерди теңшерип чыгуу бир топ убакытты алды.

Андан  соң экөөбүз оболу жалпысынан оозеки сүйлөшүп алып, өз-өзүбүзчө жазууга кириштик. Кадыресе убакыт өткөндөн кийин бири-бирибиздин жазгандарыбызды карап чыксак, экөө таптакыр эки башка чыгарма болуп баратыптыр. Экөөнү жуурулуштуруп бириктирүү болчудай эмес. Эмне кылмакпыз. Эки башка жазуучу биригип бир чыгарма жаза албастыгына көзүбүз жетти. Биргелешип жазган тажрыйба дүйнөдө көп, бирок алар кантип иштешкенине айраң таңбыз. Аргасыздан экөөбүз эки башка жаза турган болдук. Менин жазган вариантыман үзүндүлөр утурумдук басма сөзгө жарыялана баштады. Кийинчерээк бир чыккан үзүндүгө Кеңеш Жусупов баш сөз жазып, жогорку жагдайды окурмандарга түшүндүрдү. Биргелешип жазуу болбостугун айтып, айкөлдүк менен мага ак жол каалады.

Иштин ички жүрүшү ушундай болду. Бул чыгарманын жазыла баштаганынан жарык көргөнүнө чейин алдаганча мезгил өттү. Күндөп-түндөп иш жүрүп жатты деп айта албайм. Иш көп үзүлдү. Кээде орто жолдо башка дагы орчун иштерди бүтүрө коюу үчүн жарым жылдай убакыт зарп болуп кеткен кездер да болду, кээде шык ташыркап, ай-күндөп отуруп калган учур да болду. Ошол себептүү кадала иштесе алдагачан бүтчү чыгарма 1992-жылы бүттү. Эпос нугундагы бул роман негизинен Сагымбайдын, Саякбайдын, Жусуп Мамайдын варианттарына таянып жазылды. Эмне үчүн романды көздөп калдым? Биринчи¬ден, материалдын чачкындыгы, эбегейсиз көлөмдүүлүгү. Бир эле «Манасты» канчалаган зор китеп кылса болгудай. Бирок аны ким окуйт? Азыркы кымгуут заманда, инфор¬мация адам башына жамгырдай жаап жаткан шартта илгерки жайкерчиликтегидей болуп киши айлап-түндөп китеп окубайт. Экинчиден, роман варианты окуялардын тизмектелишине, сюжеттин тыкан курулушуна ыңгайлуу. Анан калса, «Манаста» канчалык апыртмалуулук, миф, жомок арбын болбосун табиятында абдан реалисттик чыгарма. Образдардын, мүнөздөрдүн түзүлүшүн эле аңдап көрөлүчү, окуялардын баяндалышын көрөлүчү, көбүнесе реалдуу турмуш, адамдардын реалдуу карым-катнашы, атүгүл психологиялык илме-кайыптык да бар. Онбашы Тазбайматтын сан эсебине Манас кирбей калганы же болбосо Алмамбеттин сыздаган арманын эле көңүлдө сыдырып караңыз. Yчүнчүдөн, ыр түрүндө жазылган эпосту ошол турушунда кара сөз менен кайра жазып чыгыш (мисалга, С.Мусаевдин жазганы) ак


ниетте иштелген илимий-популяр көчүрмө гана болуп калат. Андай иштин үлгүсү турган соң кайталап не кажет. Төртүнчүдөн, "кардыкпаган үн менен, сүрдүкпөгөн тил менен" күпүлдөтүп ырдалган эпос табияты, талабы, аткарылышы өзүнчө - поэзиянын импровизациялык төкмө өктөмү. Анда кыйытып өткөн, атап гана кеткен, шашып өткөн, байкоос калган, жайбаракат көркөм сүрөттөөнү керектебеген, бирок окуянын жүрүш логикасы айтып турган көп деталь-штрихтер сап-саптын көлөкөсүндө калып жатат. Прозалык чыгарманын не бир өзгөчөлүктөрү ырдалган чыгармада эсепке алына бербейт. Анысы да жөндүү. Мисалга, согуштук окуяларды ырдап айтуу бир башка, прозада сүрөттөп жазуу бөлөкчө. Бешинчиден, эпостун окуяларын роман калыбына салып уюштурууда кээ бир артыкбаштары түшүп калат, кайталоолор болбойт, кээде логикага жараша таптакыр жаңы окуялар өзүнөн өзү чыгат, же орун алмашат. Мисалга, Манастын төрөлүшү, же Көзкамандар окуясынын жаңы орду. Демек, ар бир манасчы негизги өзөккө алымча-кошумча киргизип өз вариантын жараткан сыңары эпостун нугунда жазылган кара сөз роман да бир автордук вариант. Дүйнөлүк адабият тажрыйбасында мындай мисалдар толуп жатат. «Манас» боюнча пьесалар жазылып, спектаклдер коюлууда, либреттолор жазылып, опералар ырдалууда. Алардын ар биринин конкрет автору бар. Эпос боюнча кино коюлушу, телесериалдар же мультфильмдер тартылышы али алдыда. Алардын да конкрет авторлору болор. Авторлук деген эң оболу иш ээси катары жооп берүүгө кол койгондук. Демек, мен дагы эпостун өзөгүнө таянып, анча-мынча алымча-кошумчалар менен роман вариантымды жаздым, көздөгөн максатым, алган милдетим канчалык аткарылганына жооп берүү үчүн автордук укук менен аты-жөнүмдү билдирдим. Эпостун бу кара сөз түрүндөгү роман вариантын жазгандагы дагы бир принциптүү авторлук көз карашты окурманга айта кетүү ылайык. Эпос кылымдан кылым кыркып, улам кийинки окуяларды боюна сиңирип келе бергенинен улам кийинки жети-сегиз кылымдан кыргызга тарай баштаган исламдын таасири да аябай күчтүү. Ар бир вариантта, айрыкча Сагымбайда исламчылык түпкү байыркылык менен тизгин талашып турат. Түпкүлүгүнө барсак байыркы кыргыздын Теңирге, Көккө, Күнгө, Отко сыйынганын, ошондон улам чыккан салт-санаа, ырым-жырым, нарк-каадалардын жыт-илеби гана эмес, түктүү салты сакталып калганын көрөбүз. Анын жанында кийин кирген ислам дининин таасири жаңы кошулмадай болуп турат. Араб, иран сөздөрү аралашып жүргөнү табигый көрүнүш. Исламдан мурун мин жылдап кербен тарткан Жибек жолунун таасирин кантип унуталы. Мен эпосту роман тибинде жазышым керек деп кашайып калгандан тартып ушул ажырымды так сактагым, эпостун байыркылыгын өнтөлөгүм келди. Байыркы «Манас» насилинде исламдан эки-үч эсе улуу, көөнө эстелик. Мен өзүм да алхамдуу-лиллахи мусулманмын. Бирок элдик эпостун байыркылыгы айдан ачык болуп турган сон,, акыйкатчылыкты карманганыбыз оң. Манас - «Манас» болмогу элден. Эл чыгарган, эл сактап келген. Көп миңдеген жыл мурда көзү ачылган булак болуп башталса, бүгүн ал чалкыган деңиз сымал. Бул узак тарыхында кыргыз башынан эмнелерди кечирбеди, «белес-белден беш удургуп», бирде кызыл бороон болуп албууттанса, бирде кумга сиңген суудай дайынсыз өчүп турду. Ал ортодо «тоо бузулуп сай болуп... эчен кылым эл өттү». Эгер кыргыз бүгүнкү күнгө жетпей жоголуп кеткен болсо улуу эпосу кошо жоголмок. Антпеди, анте алмак эмес, «Манас» башка элге барып жуга алмак эмес - ал нукура кыргыздыкы, кыргыз рухунун түбөлүктүү кенчи болуп сакталып кала бермек. «Манасты» кыргыз жараткан, кыргызды «Манас» сактаган, Ашым ЖАКЫПБЕК Май. 1994-ж. Бишкек. Жараткандын жазылбаган мыйзам ченеми ушубу. Төбөсү көрүнгөн инсандардын көпчүлүгүнүн кадыр-баркы, жасаган эмгеги кеч баамдалат, бааланат жана көзү өткөндө гана анык дааналана түшөт. Ошол опол тоодой мээнет ичинде илгертен эле адам баласы барктаган, аздектеген нерсе - касиети күчтүү Сөз. Ушундан улам кыргыздар "?нөр алды кызыл тил" деп макалдатса, Библияга тооп кылгандар ар нерсенин башталышы катарында "А дегенде Сөз болгон" деген түшүнүктү дайыма туу тутуп келишет. Бул эки туюмдун бири-бирин толуктап турганы өзүнчө купуя сыр, чечмеленбес табышмак шекилдүү. Ошондуктан, кайсы эл болбосун өзүнүн оозеки адабияты жана андан өнүгүп, бутактаган маданият тармактары менен сыймыктанууга толук акылуу. Бул ченемден алганда кыргыз элинин талант шыбагасынан жаралган улуу «Манас» эпосу кайталангыс керемет. Ал эми ушул касиетти кылымдан кылымга жалаң оозеки түрүндө сактап гана эмес, улам толуктап, өнүктүрүп өөрчүткөн манасчылардын талантына таазим этүү парзыбыз. Эпос рухубуздун туу чокусу экендигине ынандырган да, ошого жараша шыктандырган да улуу манасчылар болгондугун баса белгилөө зарыл, ?ткөн доордогуларын айтпаган күндө да замандаш жашаган Саякбай Каралаевдин мисалында эле сөз касиетине, сыйкырдуу дараметине бап келген далилди көрүп, туюп турубуз. Залкар манасчынын айтуусунда улуу эпос маани-маңызы жагынан дагы даанала бийиктей түшүп, эл башынан кечирген оор турмуш көйгөйү трагедиялык деңгээлге жете чиеленип, антсе да келечектен үмүт үзбөөчүлүк, азаттыкка арбалуу менен эркиндикке умтулуунун нуру шоолалана оптимисттик идеянын нарк-насили жанданат. Аз болсо көптөй сезилген. ?нөрү бар кыргыздын. Ашуудан бут тайдырбас. Акылы бар кыргыздын,- деп, "Манаста" айтылгандай ушунча өнөр, талант казынасын ошол күндөн ушул күнгө муңдурбай жеткирген элибиздин рухий эрдигине миң мертебе ыраазы болосуң, таңданасың. Эми ошол нечен мезгил, түркүн замандын элегинен өтө өзүбүзгө калган ыйык мурас - руханий жибек жолдун мазмунун башка элдерге да жеткирип, анын дүйнөлүк адабият менен маданиятта ээлеген ордун аныктап көргөзүп, жеткиликтүү чагылдыруу үчүн түмөндөгөн иш түркүмүн жасоо өңүтү эми келип туру. Буга Манастан кийин кайра тагдырыбызга буйруган эркиндик өбөлгө түзөт. «Манас» поэзиясын кара сөзгө айлантуу, анын дүйнө тааным, ой-чабыт, адеп-ахлак, достук өңдөнгөн асыл наркын өз деңгээлинде сактоо менен бөлөк тилдерге которуу эпостун эл аралык даңазага ээ болушун тездетмек. Мына ушул аскар тоодой милдетти аткарууда Ашым Жакыпбеков чындыгында эле чыгармачыл эрдикке баш отун сайып шымалана киришкен чыныгы атуул жана кыргыз адабияты менен маданий тарыхында өз жүзү, чыйыры бар ишмер, кайталангыс стилист, кашкөй талант катары калары талашсыз. Бир караганда оңой көрүнгөн нерсенин өтө татаалдыктары болорун көпчүлүк аңдабаса деле керек. Эгер жалаң «Манас» менен гана алпурушканда алдагачан эле үчилтик романды бүтүрмөк. Оро-парада башка иштерге алаксыганы, турмушубуздагы акыркы өзгөрүштөр баш- калар сыяктуу эле анын алдындагы кыйын өткөөл, чыгармачылыгындагы кайра ойлонуу тилкеси болгону талашсыз. Балким, бүтүргөн кол жазмасы учурунда китеп болуп чыгарылганда анын шыгына, жасаган мээнетине, дегеле кийинки өмүр чыйырына берилген баа, көрүлгөн кам катары туюлуп, автордун ажатын ачмак беле. Пендечилик деген ушу. Учурунда ар кимибизди өзүбүз баалай албай, баралбай, бул дүйнөнүн түркүгү сымалдана ар кимибиз өз арбайыбыз менен убарабыз. Турмуштун дал ушул күнүмдүк майда-баратына басылып калуудан улам 'угуттуу нерселердин көбү көзү ачылбай кетет окшобойбу. Ошондуктан, өзүң билген же чыгармачыл уюткусу бар инсан бу дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткенде анын тагдырына туш келген ушул жазмыш буйругунда үлүшүм бар го деп ойлоп, өкүттө калуу туюму канчалык оор. Албетте, өткөн чакка ар кандай көз караш менен, өзгөчө азыркы учур секисинен мамиле жасап, талдоо жүргүзүү оңойдур. А бирок, ар нерсенин кырдаалын, өңүтүн, өтөр ордун, шарттаган себебин аныктаган мезгили өкүм жүргүзөрүн унутпасак. Ошонун сыңарындай, эзелки өткөн манасчылардан калган улуу рухий туу чокубуздун негизинде замандын маданий талабына шайкеш эпостун, кара сөз вариантын жазган Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" романы элибиздин санжыргалуу өнөрүн ааламга дагы жеткиликтүү жайылтууда зор кызмат ,өтөөчү көөнөрбөс көрөңгө. Ашым Жакыпбеков өзүнүн арыбаган эмгеги, чыгармачыл дарамети менен жазган ушул китеби аркылуу улуу манасчылардын катарынан татыктуу орун алды. Алар «Манасты» төгүлтүп, буркан-шаркан түшө ыр менен айтышса, А. Жакыпбеков кара сөздүн жорго сымал керемети аркылуу баян этет. Демек, бул жарыкчылыкта кыргыз аты сакталып турганда «Манас» эпосунун кара сөз түрүнүн биринчи автору катары Ашым Жакыпбеков дайыма аталары табигый иш. Эмесе, окурман журт! Рухий дүйнөбүзгө ушул китеп жаңы ой-таанымдын учкунун чагылтып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун. Бардыгыбызды Көк Теңир колдоп, Манас атанын арбагы жолдосун! ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ 1994-ж, 10-август, Люксембург.

Our "Network":

Project Gutenberg
https://gutenberg.classicistranieri.com

Encyclopaedia Britannica 1911
https://encyclopaediabritannica.classicistranieri.com

Librivox Audiobooks
https://librivox.classicistranieri.com

Linux Distributions
https://old.classicistranieri.com

Magnatune (MP3 Music)
https://magnatune.classicistranieri.com

Static Wikipedia (June 2008)
https://wikipedia.classicistranieri.com

Static Wikipedia (March 2008)
https://wikipedia2007.classicistranieri.com/mar2008/

Static Wikipedia (2007)
https://wikipedia2007.classicistranieri.com

Static Wikipedia (2006)
https://wikipedia2006.classicistranieri.com

Liber Liber
https://liberliber.classicistranieri.com

ZIM Files for Kiwix
https://zim.classicistranieri.com


Other Websites:

Bach - Goldberg Variations
https://www.goldbergvariations.org

Lazarillo de Tormes
https://www.lazarillodetormes.org

Madame Bovary
https://www.madamebovary.org

Il Fu Mattia Pascal
https://www.mattiapascal.it

The Voice in the Desert
https://www.thevoiceinthedesert.org

Confessione d'un amore fascista
https://www.amorefascista.it

Malinverno
https://www.malinverno.org

Debito formativo
https://www.debitoformativo.it

Adina Spire
https://www.adinaspire.com