Вивальди Антонио
Wikipedia дан
(4/3/1678, Венеция — 28/7/1741, Вена) - италиялык композитор, скрипач, окутуучу жана дирижёр.
В. - 18 кылымдагы италиялык скрипка өнөрүнүн ири өкүлү. Ал аткаруучулуктун жаңы (драмалаштырылган, башкача айтканда, ломбарддык) манерасын ырастаган. Сольный инструменталдык концерт жанрын жараткан, виртуоздуу скрипка техникасынын өнүгүшүнө өзгөчө таасир эткен. Ансамбль-оркестрдик концертинин(кончерто гроссо, concerto grosso) чебери. В. concerto grosso үчүн 3 бөлүмдүү цикл формасын түзгөн жана солисттин виртуоздуу партиясын айрыкча белгилеп койгон. В-нин инструменталдык концерттери классикалык симфониянын жаралуусунунда маанилүү этап болгон.
В-нин концерттери көптөгөн европалык композиторлорго, алардын ичинде И.С. Бахка, концерт жанрында үлгү болгон. Бах И.С. В-нин 20 дай скрипка концерттерин клавесин жана органга салган.
20-кылымда гана В-нин чыгармаларынын толук жыйнагын, 73 трио-соната жана 447 концерт, чыгарууга аракет кылынган. Сиенада В. атындагы Италия институту ачылган.